Непалда Кыргызстандын ардактуу консулу кармалды

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 00:17
0 ой-пикир

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Непалдагы ардактуу консулу Сунил Агарвалдын кармалышы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүү керек деп эсептейт.

«Кыргызстандын ардактуу консулунун кармалышы боюнча Непалдын өкмөтүнөн кыргыз тарапка расмий билдирүү келе элек. Бул маселе элчиликтин жана министрликтин көзөмөлүндө турат. Жаңы маалыматтар келгенде кошумча билдирүү берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Сунил Агарвал – курамына болот, цемент, полипропилен каптарын ж.б. чыгаруу менен алектенген 50гө жакын ири компаниялар кирген Непалдагы «Шанкер групп» уюмунун төрага орун басары.

Айрым жергиликтүү басылмалар билдиргендей,  Агарвал дене табын өлчөөчү тепловизорлордун ар бирин 15 000 рупийден сатууга далаалат кылган. Ошол эле учурда анын базардык баасы 3500 рупий экендиги айтылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.