Москвадагы Жеңиш парады июндун аягына жылдырылды

Окуялар тизмеги 10 Апр 2020 20:30
0 ой-пикир

ЖМКалар пандемиядан улам Улуу Ата Мекендик Согуштагы жеңиштин 75 жылдык майрамы июндун аягына жылдырылганын жарыялашты.

Маалыматка ылайык, Россиянын борбору Москава шаарындагы Жеңиш парады 9-майда эмес 24-июнда өтүүшү мүмкүн.

Россияда бул вируска чалдыккандардын саны 10-апрелге 11917 бейтапты түздү. Көз жумгандардын саны 94кө жетти.

Эскерте кетсек, Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенинин урматына 1945-жылдын 24-июнунда Москвада Кызыл аянтта Жеңиш парады алгачкы жолу өткөрүлгөн. Аскер парадына согуштун аягына чейин катышкан аскерлер, Аскер деңиз флотунун, Коргоо эл комиссариатынын, аскер академияларынын жана Москва гарнизонунун бөлүктөрү катышкан. Жеңиш парадын Г. К. Жуков кабыл алып, К. К. Рокоссовский командалык кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.