Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди (жаңыланды)

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 17:05
0 ой-пикир

Айгерим Бешимбаева жана Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин депутаттары болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Конституциялык мыйзамдын “Президенттик жана парламенттик шайлоолор” тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет. Бешимбева вице-премьер-министр болуп кеткен Аида Исмаилованын ордуна депутат болуп келди. Ал эми Осмонбек Артыкбаевке карата соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу, анын мандаты Саматбек Ибраевке өттү.

Айгерим Бешимбаева ачык булактарга таянсак, банк тармагында иштегени айтылат. Самат Ибраев буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.