Россияда жакында келген 17 кыргызстандыктан жетөөсүндө коронавирус аныкталды

Окуялар тизмеги 09 Апр 2020 17:24
0 ой-пикир

Россиядан 6-апрелдеги чартердик каттам менен алынып келген жарандардын ичинен 7 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Жалпы 17 жаран келгенин тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Учурда баары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен 3 БАЭде, Пакистанда – 7, Малайзияда – 4, Индияда – 1 жана Испанияда – 1.

Акыркы мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын 2719 жараны Кыргызстанга Орусиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Египеттен, БАЭ, Индиядан, Малайзиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Түштүк Кореядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинди. Бул үчүн чартердик каттамдар уюштурулган.
Алардын ичинен:
Россиядан – 1531;
БАЭден – 326;
Түркиядан – 197;
Сауд Аравиясынан – 285;
Индиядан – 176;
Египеттен – 131;
Таиланддан – 524;
Германиядан – 5.
Калгандары башка өлкөлөрдөн алынып келинген.

Нуран Ниязалиев билдиргендей, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.