Президент Бишкек жана Чүй облусунун башчылары менен жолукту. Жолугушууда эмне сөз болду?

Окуялар тизмеги 08 Апр 2020 18:16
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Азыркы кырдаал, борбордун жана жалпы эле өлкөнүн территориясына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өзгөчө абал жарыяланган башка шаарлар жана райондорго караганда өлкө борборундагы кырдаалды көзөмөлдөө татаалыраак экенин белгиледи.

«Өзгөчө абалдын киргизилиши менен шаар тургундарына көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралды. Албетте, нааразычылыктар да бар. Бирок баарыбыз бул жарандардын саламаттыгын сактоо, эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн аргасыз муктаждык экенин түшүнүшүбүз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Бишкек шаары менен Чүй облусуна ички миграциянын агымы чоң, борбордо жана анын айланасында көптөгөн социалдык жактан аялуу жарандар жашайт.

«Чүй өрөөнүндө жашап, Бишкекке келип, күнүмдүк иш таап, үй-бүлөсүн баккандар бүгүн өзгөчө жардамга муктаж. Алар камкордуктун көңүл борборунда болушу керек. Борбор шаардын жана облустун жетекчилери бул багытта координацияланган аракеттерди жүргүзүүгө тийиш», — дейт президент.

Сооронбай Жээнбеков муктаж жарандарга даректүү жардам көрсөтүүдө жана карантин эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусунун жетекчилигинин күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгына токтолду.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүнкү күндө борбордо 56 миң аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлгөндүгүн маалымдады. Аларга жергиликтүү бюджеттен биринчи кезекте зарыл болгон азык-түлүктөр менен 300 тонна ун бөлүндү.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев дагы бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аялуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү фонунда жазгы талаа иштерин өз маалында жүргүзүүгө бардык күч жумшалган. Бүгүнкү күндө облус боюнча жазгы талаа иштери 94%га жыйынтыкталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун аягында калктын саламаттыгын өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин күчөтүлгөн чараларды сактоо менен коргоо, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда жашаган жарандарды эң зарыл делген азык-түлүк менен камсыздоо маселелери бирдей мааниге ээ жана жергиликтүү бийликтерден бул маселелердин аткарылышы үчүн толук берилип иштөөнү талап кыларын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.