Тажикстанда футбол чемпионаты өтүүдө

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 10:07
0 ой-пикир

Тажикстан бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусу катталбаганын, буга байланыштуу спорттук мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрбөй коюуга негиз жок экенин билдирүүдө.

Ага карабай, Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен бардык спорттук оюндар, анын ичинде футбол чемпионаты күйөрмандарсыз, бош стадиондордо өтүүдө.

6-апрелде Тажикстанда футбол боюнча жаңы чемпионаттын жогорку лигасына кошулган «Локомотив-Памир» менен «Файзканд» 2:2 эсебинде тең чыгышты. «Хатлон» командасы «Истаравшанды» 2:1 эсебинде утуп алды. «Куктош» менен «Регар-ТадАЗ» командаларынын беттешүүсүндө эсеп ачылган жок.

Алгачкы турдагы дагы эки оюн шаршемби, 8-апрелде өтөт. «Худжанд» ЦСКА менен кездешет, ал эми «Душанбе-83» «Истиклол» тобу менен ойнойт.

Биринчи лигада биринчи жана экинчи орунду камсыздагандар 2021-жылдын жогорку лигасында ойноого укук алат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.