Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандарга 5,5 миң сомдон айып салынды

Окуялар тизмеги 07 Апр 2020 13:46
0 ой-пикир

Ошто жалган маалымат тараткан эки жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Нурдинов элди туура эмес маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.

«Коменданттык саат жана өзгөчө абал кирген мезгилде жалган маалымат тарткандарга эскертүү гана берилген. Ал эми 3-апрелде чыккан жаңы мыйзамдын негизинде адамды дүрбөлөңгө салгандарга дароо чара көрүлүп, иш козголуп жатат. Бүгүнкү күндө 2 жаранга 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды», — дейт комендант.

Эскерте кетсек, Ошто коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалып, 3 миң сом өлчөмүндөгү айып салынган.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Ошондой эле илдеттен 33 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.