Өзбекстан жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт

Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 10:10
0 ой-пикир

Өзбекстан словакиялык «Chirana» компаниясы менен биргеликте жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрө баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдыктарды өндүрүү иши быйыл май айында башталат. Ташкенттеги өндүрүштүк аянтчалардын курулушу сентябрга чейин толук аяктап, пайдаланууга берилет.

«Өндүрүштүн алгачкы этабына чет өлкөлүк өнөктөштөр 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салып, 30 жумуш ордун түзүүнү пландап жатышат. Экинчи этабына 4-5 миллион доллар сарптап, 100 адамды иш менен камсыз кылуу каралууда», — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында «Chirana» компаниясы азыркы абалды эске алып, Өзбекстандагы коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн 1 миң даана дем алдыруу контурларын, 500 нымдоо коллекторун жана бир жолу пайдаланылуучу миң даана бактериялык-вирустук фильтрлерди бекер берет.

Борбор Азияда алгачкы жолу өндүрүлө турган жасалма дем алдыруучу аппараттарды келечекте коңшу Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан өлкөлөрүнө сатуу пландалууда.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдө коронаврус жуктуруп алган адамдардын саны 342ге жетти. Алардын экөө каза болуп, 30у айыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.