Министр: Коронавирус жуккан 5 адамдын абалы туруктуу оор

Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 11:03
0 ой-пикир

Коронавирус жуккан 5 адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, ооруканада жаткандардын саны 202 кишини түзөт.

«Эки бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, үчөө кислород менен дем алууда. Бешөө тең реанимацияда», — дейт министр.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 69 адамда коронавирус аныкталып, жалпы ооругандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам оорудан айыккан. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.