БУУ: Карантин режиминде үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү

Аалам, Окуялар тизмеги 06 Апр 2020 15:33
0 ой-пикир

Коронавируска байланыштуу карантин киргизилген өлкөлөрдө үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.

Баш катчы видеокайрылуусунда кыз-келиндерди алар үчүн эң коопсуз болушу керек болгон жайда – үйүндө коркунуч күтүп турганын белгиледи.

«Акыркы жумаларда экономикалык жана социалдык басым менен коркунуч күчөгөн сайын биз үй-бүлөдөгү зомбулук үрөй учурарлык жайылганына күбө болуудабыз. Айрым өлкөлөрдө жардам берчү кызматтарга кайрылган аялдар эки эсе көбөйдү», — деп билдирет Гутерриш.

Бирок укук коргоо органдары менен медицина кызматкерлери пандемияга байланыштуу ыкчам иштерден колу бошобой, зордук-зомбулукка кабылгандарды колдогон жергиликтүү топтор ар бир жабыркаган адамга жардам берүүгө үлгүрбөй жатат.

БУУнун баш катчысы маселени чечиш үчүн бийлик өкүлдөрүн зомбулукка кабылгандарга көмөк көрсөткөн уюмдарга каржылык колдоону күчөтүүгө, айыптууларды жазасыз калтырбоого, зомбулук кылмыштары тууралуу кабарлаган системаларды дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүндө орнотууга чакырды.

Учурда планета калкынын үчтөн бири, тагыраагы 2,6 миллиард адам карантинде.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.