Өкмөт башчы үй карантинине алынды

Окуялар тизмеги 05 Апр 2020 15:36
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегация мүчөлөрү анализ тапшырышты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өткөндүгү айтылат. Бирок алардын анализинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилген жок.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы баштаган делегация өлкө түштүгүнө барып, санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен жолугушкан.

Бүгүн, 5-апрелге карата өлкөдө дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.