Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учакта Ош облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жумуш сапарынын алкагында Өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, мында санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырып, жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.