Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди. Карта

Окуялар тизмеги 05 Апр 2020 12:48
0 ой-пикир

Бишкекте карантиндик аймак кеңейтилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал шаардын көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, карантиндик аймак түштүк тарабынан Аалы Токомбаев, Жайыл Баатыр көчөсү, түндүк жагынан Чоң Чүй каналы, чыгыштан Чолпон-Ата көчөсүнө жана батыш тарабынан Дооронбай Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө чейин кеңейтилгенин билдирди.

«Дезинфекциялоо иштерине байланыштуу карантиндик аймактын жаңы бөлүгү жана мурда жабылган бөлүгү автоунаалар жана адамдар үчүн жабык болот», — деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.