Мектептерде дистанттык окуу 8-апрелден тарта башталат

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 16:11
0 ой-пикир

Сегизинчи апрелден тарта Кыргызстандын мектептеринде сабактар дистанттык түрдө окутула баштайт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Министрдин орун басары учурдагы кырдаалга байланыштуу 2019-2020 окуу жылынын төртүнчү чейрегинде сабактарды аралыктан (дистанттык) окутуу боюнча чечим кабыл алынган билдирди.

«Мектепке чейинки курактагы балдар, биринчи класска барууга даярданып жаткан болочок окуучулар жана 1-4-класстын окуучулары үчүн КТРКнын Баластан каналы аркылуу өнүктүрүүчү, тарбия берүүчү окуу материалдар жана телесабактар көрсөтүлөт. 5-1-кластардын окуучулары үчүн видеосабактар ЭлТРдин Илим жана билим каналы жана башка каналдар, аймактагы телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт», — деди Жусупбекова.

Ал белгилегендей, телесабактар төртүнчү чейректин жаңы материалдарын камтыйт. Ал эми кайталоо, бышыктоо, тапшырмаларды аткаруу, текшерүү иштерин мугалимдер менен окуучулар өзүнчө аткарышат.

Жусупбекованын айтымында, дистанттык окуу учурунда сабактар интерактивдүү болуп, мугалим менен окуучунун ортосунда кайтарым байланыш болушу үчүн Zoom, Google classroom платформалары колдонулат.

«Кайтарым байланыштын негизги максаты – мугалимдер окуучулардын суроолоруна жооп берип, кошумча ташырма берип, балдардын окуу материалдарын түшүнүүсүнө шарт түзүү», — деди ал.

Ал белгилегендей, дистанттык түрдө окууну уюштуруу үчүн «iBilim» жана «Билим булагы» окуу ресурстары иштелип чыкты. «iBilim» башталгыч класстын окуучуларына арналып, анда 1-4-класстагы сабактардын бардык окуу материалдары камтылган. Ал эми «Билим булагы» электрондук ресурсунда 5-9-класстар үчүн окуу материалдар топтолгон. Бул эки ресурсту тең онлайн жана офлайн режимде колдонууга болот.

«5-11-класстын сабактары камтылган 35тен ашык окуу китептери иштелип чыкты. www.kitep.edu.gov.kg жана lib.kg билим берүү ресурстарында 400дөн ашык окуу китеп, адабий китеп жайгаштырылган», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.