Кара-Суу районунун «Манас» обсервациясында жаткандар жеке клиникага которулду

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 16:45
0 ой-пикир

Ош облусунун Кара-Суу районундагы обсервацияда жаткан жарандар бүгүн, 4-апрель күнү Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы 65 орундуу «Кочкор-Ата» жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу Elgezit.kg редакциясына жеке булактар маалымдашты.

Өздүк булактар билдиргендей, «Манас» обсервациясына жаткырылган жарандар 12 -мартта умрадан келгендер. Жаткырылган күндөн тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, обсервацияга алынгандардын арасынын коронавирус жуктурган 4 учур бүгүн катталган. Буга чейин, 6 адам жуктуруп алгандыгы белгилүү. Андыктан, алардын карантинге алуу мөөнөтү дагы 14 күнгө жылдырылгандыгы маалымдалды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.