Ош облусунун Кара-Суу районундагы обсервацияда жаткан жарандар бүгүн, 4-апрель күнү Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы 65 орундуу «Кочкор-Ата» жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу Elgezit.kg редакциясына жеке булактар маалымдашты.
Өздүк булактар билдиргендей, «Манас» обсервациясына жаткырылган жарандар 12 -мартта умрадан келгендер. Жаткырылган күндөн тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, обсервацияга алынгандардын арасынын коронавирус жуктурган 4 учур бүгүн катталган. Буга чейин, 6 адам жуктуруп алгандыгы белгилүү. Андыктан, алардын карантинге алуу мөөнөтү дагы 14 күнгө жылдырылгандыгы маалымдалды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду