Депутат: Референдум өткөрүүгө каршы экенибизди көрсөтүшүбүз керек

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 15:17
0 ой-пикир

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылды. Бирок бул демилге коронавируска байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилген учурга туш келгендиктен социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, коомчулуктун сын-пикирлерин жаратууда.

Айрым депутаттардын айтымында, бул референдум өткөрүү боюнча демилге парламентаризмди колдой турганын айткан президент Сооронбай Жээнбековдун убадасына каршы келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди.

«Биз тандаган парламентаризм жолунан тайбашыбыз керек. Ал эми референдумду өткөрүү боюнча демилгелерге мыйзам чегинде каршы экенибизди көрсөтүшүбүз керек», — деди Нурбаев.

Белгилей кетсек, референдум жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, жалпы элдик добуш берүү быйыл 4-октябрга белгиленген. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.