Бишкектин түштүк тарабы карантиндик чектөөгө алынды. Карта

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 15:46
0 ой-пикир

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат. Алар төмөнкү көчөлөр;

• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;

• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;

• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүнда дагы дезинфекция иштери улантылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыгып чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.