Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө.
Анда «Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда. Мындан сырткары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин каралууда.
Мындан сырткары коронавирусту жайылтпоо боюнча иштер тууралуу маалымат бериш үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке чакырылды.
Ошондой эле парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри кызматтарына жаңы талапкерлерди коалиция көпчүлүк тарабынан караларын билдирди.
Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.