Изоляцияга алынган айылда жайгашкан обсервациянын айнегин талкалап кетишти – сүрөт

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 12:15
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылында белгисиз бирөөлөр коронавируска шектелгендер жаткырылган обсервация имаратынын айнегин талкалап кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, обсервация балдарга билим берүү борборунун эски имаратында жайгашкан. Ал жакта 96 киши жатат.

Учурда милиция айнек сындыргандарды издеп жатат.

Белгилей кетсек, үй карантинин сактабаган чет өлкөлөрдөн кайтып келген аталган айылдын 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынган.

Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн облустук ыкчам штаб коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында  жалпы айыл элин изоляцияга алуу чечимин чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.