Коңшу Казакстанда коронавируска кабылгандырдын саны 348ге жетти

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 12:42
0 ой-пикир

Акыркы маалыматка караганда, Казакстанда бир суткада дагы беш кишиден жугуштуу вирус табылды. Алардын ичинен бирөө — Чымкенттен, калгандары Түркстан облусунун тургундары.

Коңшу өлкөдө жалпы илдетке кабылгандар 348 кишиге жетти. Эки адам каза тапты, 24 адам оорудан айыгып чыккан.

Былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус илдети дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүнө тарап, 37 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Ооруга 760 миңден ашуун адам чалдыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.