Калкка жардам берүү максатында «Жардам штабы» кыймылы түзүлдү. Ыктыярчылар Бишкекте азык-түлүк боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө эки аптага жетчү тамак-аш жеткире баштады. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда маданият, маалымат жана туризм министри, штабдын мүчөсү Азамат Жаманкулов билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министргининин маалыматы боюнча Бишкекте мындай жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн расмий саны 800 экенин айтылса, турмуш жүзүндө алар мындан 3-4 эсе көп экени белгиленди.
«1227 номери 31-марттан баштап иштей баштады. Бир сутканын ичинде ага бир миңден ашуу адам чалды. Азыр Бишкектеги жана анын терегегиндеги турмушу начар үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткире баштадык», — деди Жаманкулов.
Анын айтымында, жардам корзинасында ун, кумшекер, чай, картошка, суу май, күрүч жана гречка бар.
Ошондой эле штаб мүчөлөрү жардамды бардык муктаж болгондорго тең жеткирүү үчүн өз алдынча кайрымдуулук кылган ишкерлерден штабга кабар берип коюсун өтүндү.
«Маалыматтын жоктугунан бир үй-бүлөгө 3-4 киши жардам берип, ал эми экинчи үй-бүлө такыр эле каралбай калып жатат. Ошондуктан бардык ишти борбордук штаб аркылуу кылууга чакырабыз», — деди Жаманкулов.
Белгилей кетсек, штаб азык-түлүк жана коргонуучу каражаттарга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүп жатат. Бул тизмеге кандайдыр бир себептер менен кирбей калгандар дагы деле кайрылса болот. Бул үчүн 1227 номерине чалуу керек.
Чаткал районуна деле болобу жардам
Саламатсыздар биздин тамак ашыбыз жок калды сураныч жардам бериниздер