Бүгүн, 31-мартта өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов медициналык кызматкерлер коронавирус жуктуруп алды деген маалымат жалган экендигин билдирди.
Анын айтуусуна караганда, илдет чыккан очоктордо иштеп жаткан бир да медициналык кызматкер COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган эмес.
«Бир дагы дарыгер ооруган жок, мен бул тууралуу расмий түрдө кабар берүүдөмүн. Биз берип жаткан маалымат ачык жана айкын», — деп белгиледи Мамбетов.
Кыргызстанда 2020-жылдын 31-мартына карата коронавирусту жуктурган дагы 13 жаңы учур катталып, жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны 107 кишиге жетти. Алардын ичинен күн мурун Жалал-Абад облусунда үч адам айыгып чыккан.
107 учурдун ичинен Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 38, Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 4, Баткен облусунда — 1, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 2 адам бар.