Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 10:17
0 ой-пикир

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 144 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган дагы 11 учур катталып, алардын жалпы саны 144гө жетти.

Аталган дарт өлкөдө алгач 15-мартта катталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.