Уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштей баштады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.
«Бүгүндөн тарта өткөрмө уруксат кагаздары Бишкек шаарындагы Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун ички иштер башкармалыктарында берилет. Учурда уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштей баштады. Жарандар үйүнөн эле электрондук арызды толтуруп, уруксат кагазын алууга мүмкүнчүлүгү болот. Маалымат алуу үчүн 1312 кыска номерине чалууга болот «, — деди комендант.
Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.