Москванын бардык жашоочуларына карантин жарыяланды

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 11:27
0 ой-пикир

Москвада коронавирус илдетинен улам ар бир тургунга карантин режими киргизилди. Режим дүйшөмбү күндөн тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу шаардын мэри Сергей Собянин билдиргенин ТАСС агенттиги жазат.

Маалыматка ылайык, шаар мэри 30-марттан баштап бардык жарандарга үйдөн обочолонуу режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Жарандарга медициналык жардам алуу үчүн, жумушка баруу, азык-түлүк сатып алуу, үй жаныбарларын үйдөн 100 метрден алыс эмес жерге сейилдетүү, таштанды ыргытууга уруксат берилет. Жакынкы күндөрү атайын уруксат кагазы менен гана чыгууга болот.

Собянин белгилегендей, бир жума ичинде Москвада үйдө отуруу режимин көзөмөлдөө системасы жана жарандардын көчөгө чыгуу эрежеси иштелип чыгат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.