«Centerra Gold Inc.» компаниясы акционерлерине 11.75 миллион Канада долларын ($8.2 млн. АКШ доллары) дивиденд катары төлөп берээрин жарыялады. Бул тууралуу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 30-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушуп, «Кыргызалтын» ишканасына дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир жолу көтөргөн.
Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын акционери болгон Кыргызстан түшкөн пайдадан үч жылга жакын убакыттан бери дивиденд ала албай келген.
Канадалык компания кен боюнча жаңы келишим күчүнө кирбей жатканын жүйө келтирип, ал каражатты төлөөнү токтоткон болчу.
Аталган компаниянын 26% акциясына ээлик кылган кыргыз өкмөтү 2.2 млн. АКШ доллар дивиденд алышы керек болчу.