Кыргызгидромет: 1-3-апрелде түнкүсүн үшүк жүрөт

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 17:33
0 ой-пикир

1-2-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот. «Кыргызгидромет» билдиргендей, 1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

1-апрелде күндүз жана 2-апрелде көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана Талас облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында 0…-2°, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун айрым дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.