Казакстанда коронавирус жуктурган кишилердин саны 284гө жетти

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 10:03
0 ой-пикир

Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 30-мартка карата коронавирус жуктурган кишилердин саны 284гө жетти.

Алардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында эмделүүдө. 18 киши айыкты, бир аял көз жумду.

28-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин режими күчөтүлдү. Жашоочулар дарыканга, азык-түлүк дүкөндөрүнө же жумушка гана бара алышат. Көчөдө үчтөн көп (үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары) кишинин топтолушуна тыюу салынды. Жашы жете элек өспүрүмдөр ата-энелеринин коштоосу менен гана көчөгө чыга алат.

Бул арада Чымкентте да карантин режими күчөтүлдү. 30-марттан тартып Атырау, Караганды, Темиртау, Шахтинск, Абай жана Саран шаарлары да карантинге жабылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.