COVID-19: Атайын эсепке 52 млн сом келип түштү

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 15:22
0 ой-пикир

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 51 млн 969 миң сом келип түштү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал бир жума мурда коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылып, ага ишкерлерден жана жарандардан акча каражаттары түшүп жатканын белгилеп өттү.

«Ал каражаттардын бөлүштүрүү маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө. Ага жарандык коом, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү. Жогорку Кеңештин депутаттары кирип жатат. Келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү ачык-айкын болот», — деди Боронов.

Аны менен бирге ал атайын эсепке канча каражат, кимден түшкөнүн көрсөтүү үчүн атайын сайт иштелип чыкканын билдирди.

Атайын эсепке түшкөн каражатты www.help.covid.kg сайтынан карап турууга болот.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.