Чүйдө вируска чалдыккандар Дубайдан келишкен

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 12:27
0 ой-пикир

Чүй облусунда коронавирус жаңы аныкталган эки адам — Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, оору аныкталган ата-бала 12-мартта Дубайдан учуп келген. Алар үй карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.

28-мартта текшерүү учурунда ата-бала коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда алар ооруканага жаткырылып, үй-бүлө мүчөлөрү жана айылда байланышта болгондор карантинге алынды.

30-мартка карата Кыргызстанда 84 адам СOVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Алардын ичинен үч адам оор абалда реанимацияда жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.