Бишкекте коменданттык саатты бузган 122 жаран кармалды

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 09:35
0 ой-пикир

Бүгүн таңкы саат 07:00гө карата Бишкекте коменданттык саатты бузган 122 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 97си эркек, ал эми 23ү аял кишилер.

«Ленин районунда 32, Свердлов районунда 39, Биринчи май районунда 19 жана Октябрь районунда 32 адам кармалды», — деди ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.