Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-мартта коонавирус боюнча жалган маалымат тараткан 1982-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ж.З., аттуу тургуну аныкталган.
«Кармалган жаран социалдык тармактар аркылуу «коронавирус бийликтин саясий оюну» деген маанидеги пост жайгаштырган. Ж.З., менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча материалдар Токтогул райондук ИИБ жиберилди.