Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын пресс-кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондо коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө маселелери козголду.
Белгилей кетсек, 28 мартка карата коронавирус илдетине Кыргызстанда 58, Өзбекстанда 104 адам жуктуруп алган.