Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 11:22
0 ой-пикир

Бүгүн, 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду 2020-жылдын 1- жана 27-мартта өткөн Тажикстан Парламентинин төмөнкү жана жогорку палатасынын депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Мындан сырткары, коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасына болгон анын кесепеттерин жумшартуу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.