Швейцария Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 08:01
0 ой-пикир

Швейцария өкмөтү Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы каражаттарды өткөрүп берди. Бул өлкөнүн элчилиги кабарлагандай, 27-мартта гуманитардык жардам Чүй облустук жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө бригадаларына тапшырылды.

Алар жалпы баасы 3 миллион сомдук эпидемияга каршы коргонуучу костюмдар, беткаптар, көз айнектер, мээлейлер, антисептиктер жана башка каражаттар менен камсыз болду.

Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата коронавирус жуккан дагы 14 киши аныкталып, жалпы саны 58 кишиге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.