Ошто 23 жаштагы келин жанын кыйды

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 10:28
0 ой-пикир

Ош шаарында 23 жаштагы келин асынып алды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады, деп жазат Turmush.kg

Кечээ, 26-мартка караган түнү саат 00:30 чамасында Ош ШИИБге Кеңеш айылынын 1997-жылы туулган тургуну И.Э. өз үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, керектүү далил буюмдарды чогулткан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ош шаарындагы соттук-медициналык экспертиза бюросу билдиргендей, каза болгон келиндин денесинде жаракаттар байкалган эмес. Мойнунда асынып алган жиптин гана изи болгон. И.Э.нин сөөгүн кечээ, 26-мартта жакындары Баткен облусуна алып кетишкен.

И.Э. Ош шаарына 2019-жылдын ноябрь айында келин болуп келген, жолдошу менен жашаганына 5 гана ай болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.