Кыргызстанда камакта отургандардын дене табы текшерилип жатат

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 12:29
0 ой-пикир

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы күнүгө жумушка келген кызматкерлердин, аскерлердин, оорунун белгилери байкалган соттолуучулардын дене табын тепловизорлор менен текшерүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Соттолгондордун жайы, ашкана жана кызматкерлердин бөлмөлөрү тартипке ылайык тазаланып жатат. Кызматкерлерге маалыматтык-түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык бет каптар менен камсыздандырылды.

19-марттан баштап соттолгондорго жана тергөө абагында отургандар менен жолугушууга, тез бузула турган тамак-ашты киргизүүгө тыюу салынган. Бирок, гигиеналык жана жуунуучу каражаттар, ошондой эле дары-дармектер кабыл алына берет.

Кыргызстанда жети тергөө изолятору, 11 жабык мекеме, 13 жатак абак жана район-шаарларда элүүдөн ашуун жаза аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарын кошкондо, расмий эсепте 15 миңдей адам камакта отурат. (

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.