Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 16:39
0 ой-пикир

Кыргызстандын өкмөтү гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытайга кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз тарап Кытайдан тест-системаларды, реагенттерди, тиешелүү медициналык жабдууларды, медкызматкерлердин коопсуздугун камсыздаган кийимдерди жана санитардык-дезинфекциялык каражаттарды сурап кайрылгандыгы маалымдалды.

«Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тажрыйба алмашуу үчүн кытайлык медициналык эксперттерди Кыргызстанга жөнөтүү жөнүндө өтүнүч билдирилди», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.