Кремлдин кызматкери коронавирусту жуктуруп алды

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 08:20
0 ой-пикир

Россиянын Владимир Путиндин администрация мүчөсү коронавирус жугузуп алганын Кремль билдирди. Бирок ал орус лидери менен түз байланышта болбогонун Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-мартта айтты. Бирок, пресс-секретарь илдетке кабылган адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

«Коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн бардык тийиштүү санитардык жана эпидемиологиялык чаралар көрүлдү. Ооруп калган адам президент менен байланышта болгон эмес», — деди Песков.

Россияда коронавируска кабылган адамдардын саны миңден ашканын билдирди. Үч адам бул оорудан каза тапты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.