Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандар кармалды. Бирөө — медицина кызматкери

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 10:46
0 ой-пикир

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-мартында 1964-жылы туулган Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургуну Мурзакаримова Гүлнара Араповна жана 1984-жылы туулган Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич кармалды.

Г.Мурзакаримова Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Ал тез жардамдын медайымы.

Ал эми Э.Жумагулов социалдык тармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып кое берүүдө деген маалыматты тараткан.

Г.Мурзакаримова жана Э.Жумагуловго түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.