Комендаттык саат учурунда ок атылды

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 10:28
0 ой-пикир

Комендаттык саат учурунда мас абалында унааны башкарып, милицияга баш ийбей качкан жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ, 26-мартта саат 20:30дар чамасында болгон.

«Кечээ Л.Толстой менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде турган блокпостто ак түстөгү Toyota Windom үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди көрсөтпөй, унаасын айдап качкан. Унааны милиция кызматкерлери Дэн Сяопин көчөсү менен артынан кубалап токтоткон. ТАга карабай жашы 25-30дар чамасындагы жигиттер мас абалында каршылык көрсөтүшкөн. Милиция кызматкери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок чыгарган. Андан кийин гана алар баш ийишкен», — дейт Орозалиев.

Ал белгилегендей, кармалгандар Бишкек шаарынын тургуну болуп чыккан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 355-берене менен («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу») катталган.

Эскерте кетсек, 26-март саат 20:00дөн 27-март саат 07:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинде 13 аял, 133 эркек, ошондой эле 1 чет элдик жаран бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.