Өзбекстан коронавирус аныктай турган тест-система иштеп чыкты

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 10:05
0 ой-пикир

Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тест-системасын иштеп чыгышты. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен. Бул тууралуу бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматында, бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат.

Бул арада Өзбекстанда биринчи жолу чет өлкөгө чыкпаган жана чет өлкөдөн келгендер менен байланышпаган жаран коронавирус жуктурганы аныкталды.

«Ал ташкенттик 20 жаштагы кыз. Ал да, ата-энеси да чет өлкөгө чыккан эмес. Бирок ал вирус алып жүрүүчүлөр менен коомдук транспортто бирге болгондо же жалпыга таандык предметтерди колдонгон учурда жуктурган болушу мүмкүн. Биз анын үй-бүлөсүн да текшердик, баары таза чыкты», – деди Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов.

26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти. Алардын ичинен 15инин өпкөсү сезгенген, төртөөнүн абалы оор.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.