25-мартта Кыргызстанда коронавирустун очогу болгон аймакка медицина кызматкерлеринин бригадасы жөнөп кетти. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мобилдик бригада 11 адистен түзүлүп, 1 айга жөнөтүлдү.
«Бул бригада дарыгерлердин өз каалоосу менен түзүлдү, алар тамак-аш менен камсыздалды. Бул иш сапарга байланышкан чыгашалардын баары негизги иштеген жеринде төлөнөт», — деди ал.
Аталган дарыгерлер учурда Аксы жана Ала-Бука райондорунда, ал эми 3 лаборант Жалал-Абад шаарында иштеп жатат.
Кыргызстанда бүгүн, 26-мартта саат 15:00гө карата коронавирус боюнча жаңы учур катталган жок. Кыргызстанда коронавирус аныкталган жалпы 44 адам бар. Арасында жаш балдар да бар. Эртең менен бейтаптардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө экени айтылган.