Тажикстандын Хужанд шаарында 22-март күнү өлкө президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда Ноорузга арналган салтанаттуу иш-чара өткөн. Эмомали Рахмон Согдий облусунун жана Тажикстандын бардык жарандарын, чет өлкөдө жүргөн мекендештерин Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга ийгилик каалады.
Президент сөз сүйлөгөндөн кийин, артисттер жана искусство адамдары концерттик программа тартуулашты. Эң кызыгы, майрамдык концертте «Кыргыз бийин» да бийлешти. Анын башталышында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушкан учурунда тартылган видео көрсөтүлгөн.