Россия бардык авиакаттамдарды токтотот

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 15:01
0 ой-пикир

Россия 27-марттан тартып бардык авиакаттамдарды токтотот. Чет жакта болгон жарандарын алып келиш үчүн учактар жиберилет. Бул чаралар коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында кабыл алынды.

Чет өлкөдөн келген россиялыктар милдеттүү түрдө эки жумалык карантинге алынат. «Аэрофлот» компаниясы ушул күнгө карата 94 эл аралык каттамдын 92син жапканын билдирди.

Россияда өлкө боюнча бир жумалык эс алуу жарыяланган. Буга байланыштуу Москвада бардык дүкөн-ресторандар, коомдук көңүл ачуучу жайлар жабылат. Азык-түлүк саткан дүкөндөр ачык болот.

Россияда коронавирус жуккан адамдардын саны 650дөн ашты. Үч киши көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.