Коронавируска чалдыккан алгачкы адам ким болгон?

Аалам, Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 16:25
0 ой-пикир

Коронавирус инфекциясы жуккан биринчи адам ким болгону аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Ухань шаарында Вей деген аял “Хуанань” базарында тирүү креветкаларды сатып соода кылып жатып, дене-табы көтөрүлгөн. Андан кийин ооруканага өзүн жаман сезип кыйналып жатканын айткан. Кийин иликтешсе ошол аял коронавирусту биринчи жуктурган адам экени аныкталган. Анын артынан эле базарда соода кылган бир нече адам дал ушул дарт менен ооруганы белгилүү болгон.

Эскерте кетсек , коронавирус илдети дүйнөнүн 197 өлкөсүндө аныкталды. Анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан да катталды.

Дүйнөдө илдетти 414 миң 179 адам жуктуруп алса, алардын 18 миң 440 каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.