Бишкек шаары боюнча 25-мартта кечки саат 20:00дөн 26-март саат 7:00гө чейин 195 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 14 аял, 163 эркек, 6 жашы жете элек өспүрүм жана 18 чет элдик жаран – пакистандык жана индиялык студенттер. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Коменданттык саат башталгандыгына карабастан көчөдө жүргөн 195 адам кармалды. Анын 163 — эркек, 14 — аял, 6 — жашы жете элек өспүрүм. Кармалгандардын баары ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө алынып келинип, өздүктөрү такталды. Кармалгандардын ичинен 18и чет өлкөлүк жаран болуп чыкты», — дейт комендант.
Комендант кошумчалагандай, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 120 блокпост орнотулган. Анын ичинен чоң блокпосттор — 15, санитардык-карантиндик посттор — 26, кичине блокпосттор — 76.