Көңүл бургула! Бишкекте соода түйүндөрү 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 12:28
0 ой-пикир

Бишкекте ири соода борборлору жана супермаркеттер өзгөчө абал режимине ылайык иш графигин өзгөрттү.

Маалыматка ылайык, 25-марттан тартып «Глобус», «Фрунзе», «Народный» дүкөндөр түйүндөрү 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Аталган жайлар кардарларды дүкөнгө кирерде санитардык эрежелерди сактоого жана беткап тагынууга чакырышты.

Ошондой эле бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова соода борборлордо ар бир жарым саатта тазалоо иштери жүрүп турушун белшилеген. Дүкөнчүлөр колкап, беткап кийип соода кылыштары керектигин кошумчалаган.

«Андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек. Товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет», — деген Акматова.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирус инфекциясын 44 адам жугузуп алганы аныкталды.

25-марттан тартып өлкөдөгү Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, жарандардын кечки саат 20:00дөн таңкы 07:00гө чейин сыртка чыгышына тыюу салынган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.