ИИМ: Коменданттык сааттын шартын бузган 320 жаран кармалды

Окуялар тизмеги 26 Мар 2020 12:07
0 ой-пикир

Коменданттык сааттын шартын бузган 320 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

«Аталган аймактарда коменданттык сааттын шартын бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилди, 9 автоунаа токтотулду. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 193, Ош шаары боюнча — 25, Жалал-Абад шаары — 10, Сузак району боюнча — 26, Ноокат району боюнча — 11 жана Кара-Суу районунда — 55 адам», — деп айтылат маалыматта.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

«“Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.